11

Октябрь

2022

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Бектеналиев Мукталы кызмат ордунан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конститутциялык Мыйзамынын 18-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Бектеналиев Мукталы Абдыбекович башка кызмат ордуна ротация тартибинде которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.