11

Октябрь

2022

Нарында сафлордун биринчи түшүмү жыйналды

Быйыл Нарында сафлор өсүмдүгүн эгүү колго алынып, дыйкандар 406 гектар аянтка сафлор эгишкен. 

Сууну жана ашыкча кам көрүүнү талап кылбай, кайрак жерге өскөн сафлор өсүмдүгүнүн түшүмү жаман болгон жок. 

Учурда 406 гектарга эгилген өсүмдүктун 374 гектары же 92 пайызы жыйналып бүтүп, 131 тонна түшүм алынды. Облус жетекчилиги тарабынан кийинки жылга үрөндү калтыруу менен калган түшүмдү сатып өткөрүү жагы уюштурулууда. Май өндүрүү үчүн завод коюп берүү жагы сүйлөшүлүүдө. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.