17

Октябрь

2022

"Өнөктөштөр менен баарлашуу - ийгиликтүү өнүгүүнүн ачкычы"

17-октябрда Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Франсуа Делаус мырзаны, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Габриэла  Геллил айымды жана Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал мырза баштаган өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууда Ага Хан Өнүктүрүү Уюму менен өнөктөштүктө ишке ашып жаткан  инфратүзүмдүк, экономикалык, социалдык, инвестициялык, билим берүү багытындагы долбоорлорду ийгиликтүү улантуу жана кызматташтыкты арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 

Ошондой эле  Германиянын жана Франциянын элчилери менен кызматташтыкты бекемдөө, Нарын облусуна аталган өлкөлөрдөн инвестиция тартуу боюнча сөз болду.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жолугушууда: "Биз сиздерди  көргөнүбүзгө кубанычтабыз жана сиздердин Кыргыз Республикасына, анын ичинде Нарын облусуна жасаган ишиңиздерди баалайбыз. Бүгүнкү жолугушуу буга чейинки ишке ашып жаткан долбоорлорго жаңы импульс  берип, алдыдагы долбоорлордун ишке ашуусуна түрткү болот деген ишеничтемин. Достор жана өнөктөштөр менен баарлашуу коомчулуктун ийгиликтүү өнүгүшүнүн ачкычы",-деп белгиледи. 

Муну менен катар облус жетекчиси өнөктөштүктүн аркасында ийгиликтүү долбоорлор ишке ашып жатканын, алардын бири Борбордук Азия университети менен ишке ашып жаткан "Нарын шаарын туруктуу өнүктүрүү долбоору" экенин, аталган долбоорду ишке ашыруу процессин тездетүү зарылдыгын айтты. Ал эми Борбордук Азия университетиндеги билим берүү жаштарыбыздын келечеги үчүн акча менен ченелбей турган чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгилеп, бул үчүн Улуу даражалуу Ага Ханга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Алтынбек Эргешов Германиянын GIZ долбоору жаштарды колдогон жакшы долбоор экенин, бирок кээ бирлери аяктап жаткандыктан кайра жандандыруу зарылдыгын, мындан сырткары немец тили приоритеттүү болгондуктан Нарында немец тилин тереңдетип окута турган мектептерди ачуу боюнча сунушун  Германиянын элчисине билдирди.

Ал эми  Франциянын элчиси Франсуа Делаус мырза менен  суу ресурстары, жашыл энергетика, ГЭСтерди куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан сырткары элчилерге  Франциянын жана Германиянын район, шаарлары менен Нарын облусунун ортосунда достук алакасын түзүп берүү сунушун айтты.

Баарлашуу өз ара түшүнүшүү жана урматтоо кырдаалында өткөрүлүп, элчилер сүйлөшүлгөн маселелер боюнча иш алып бараарын билдиришти.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.