19

Октябрь

2022

Министрлер Кабинетинин жыйынында 2022-жылдын 9-сентябрындагы №499 токтому жокко чыгарылды

img

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселеси жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу иретинде Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында 2022-жылдын 9-сентябрындагы №499 «Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгаруу иши жана көбөйтүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

Аталган чечимге ылайык «Учкун» акционердик коому Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоочу катары аныкталган. 

Белгилесек, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №499 токтому аркылуу Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын басып чыгаруу иши жана көбөйтүү боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартиби чектелүү жеткирүүчүлөрдүн тизими менен бекитилген. Эми Министрлер Кабинетинин көрсөтүлгөн чечими жокко чыгарылды.