26

Октябрь

2022

Жалал-Абадда 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристеге сүйүнчү каражат тапшырылды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жети миллионунчу кыргызстандык менен бир учурда төрөлгөн наристенин үй-бүлөсүнө барып, 200 миң сомдук сүйүнчү каражаттын  сертификатын тапшырды.

Ушул жылдын 19-октябрь күнү Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жеткен. Ага катар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыр-Жол айылынын 19 жаштагы тургуну Сардиана Омуралиева да алгачкы уул наристесин жарыкка алып келип, ал 7 миллионунчу балага удаалаш төрөлгөн.

Облус башчысы аталган үй-бүлөнү куттуктап, президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 200 миң сомдук сүйүнчү каражаттын сертификатын тапшырды. Өкүл ошондой эле наристеге узун өмүр жана кең келечек каалады.