27

Октябрь

2022

Тогуз айдын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 27-октябрда Талас шаарындагы Капар Медетбеков  атындагы Талас облустук музыкалык драмтеатрында  Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыктарына арналган коллегиясы болуп өттү. Алгач, Кыргыз Республикасынын Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыктарын заманбап технологиялар форматында баяндап берди.
Баяндамага ылайык: “2021-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү болгон: өнөр жай продукцияларынын көлөмү 102,7%, кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 115,1% , чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 124,9%, автоунаа менен жүк ташуунун көлөмү 194,4% жана жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 107,3% жана мамлекеттик бюджеттин салык кирешелеринин өсүү темпи 270,7% аткарылганы маалым болду.
Мындан тышкары, Элдик  жыйындарда  көтөрүлгөн   302   суроо, талаптын   149 маселеси  толук  чечилип,  144  маселени  чечүү  боюнча  аткаруу  иштери  жүрүп  жатканы маалым болду.     Райондор  боюнча:  Талас  районунда  элдик  жыйында  көтөрүлгөн  155 суроо,  талаптын  80 суроо,  талабы  аткарылып (51,6%),  75  суроо,  талап  аткарууда,    Бакай-Ата  районунда  34 суроо,  талаптын  15  суроо,  талабы  аткарылып (44,1%),  19 суроо,  талапты  аткаруу  боюнча   иш  жүрүүдө,    Кара-Буура  районунда  56  суроо,  талаптын  11 суроо,  талабы   аткарылып (19,6%),  45  суроо, талапты  аткаруу  боюнча  иш  жүрүп  жатат.   Манас  району  боюнча  57 суроо,  талаптын  46  суроо,  талабы   аткарылып (80,7%),  11  суроо  талапты  аткаруунун  үстүндө  иш  жүрүп жатканы айтылды. 
Бакытбек Нарбеков,   буга чейинки убадасына ылайык  Манас районунун   Май  айылынын тургундары  жаш жубайлар Нышаналиев Русланбек жана врач- кардиолог  Акирова Айжан, ошондой эле Акбердиев Исабек жана врач эндокринолог  Акунова Мээримге  50 миң сомдук сертификаттарды  тапшырды. Анткени, элдик жыйындарда Бакытбек Нарбеков,  дарыгерлердин  жетишсиздигин чечүүнүн жолдорун айтып жатып : “Эгерде ким врач кызга үйлөнсө, анда 50 миң сом  сүйүнчүсүн  берем” деп убадалаган. Буга чейин 12-июлда  Манас  районунун  Чоң-Капка  айылынын тургундары жаш жубайлар  Чынгыз Айдаралиев менен  врач-невролог  Назгүл Жолдубай кызынын  баш кошкондугуна байланыштуу  50 миң сом  сүйүнчү сертификатын тапшырылган.
Коллегиянын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  орун басары  Кыял Жанузакова,   “Үй-бүлөдөгү зордук зомбулукту алдын  алуу” темасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  1- орун басары  Канымет Осмонбеков “Пробация көзөмөлүндөгү адамдары ишке тартуу”  боюнча   баяндама  жасады.  
Коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  1- орун басары  Канымет Осмонбековго  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу  Суу ресурстары кызматынын  “Суу чарбасынын мыктысы”  төш белгисин  жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановго Кыргыз республикасынын финансы министрлигинин   “финансы экономикалык кызматынын отличниги ”  төш белгилерин тапшырды.
Коллегиянын жыйынтыгында  салык чогултуу, турак жайларды камсыздандыруу, контролдук кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү, “Жашыл мурас ” көчөт отургузуу өнөктүгү боюнча 10 миң түптөн кем эмес көчөттөрдү 2022-жылдын аягына чейин отургузуу, күз-кыш мезгилинде электр энергияны колдонуучуларга үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана  жалпы билим берүү мекемелеринде балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын-алуу иштерин күчөтүү максатында тиешелүү иштерди жүргүзүү сыяктуу 13 пункттан турган   чечим кабыл алынды.