01

Ноябрь

2022

Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 1-ноябрь күнү, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлеринин кесиптик күнү жана Кыргыз милициясынын 98 жылдык мааракеси белгиленди. Облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы майрамдык салтанатка тизилип, жүрүштөн өтүштү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Майрам алкагында облус башчысынын биринчи орун басары милиция кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктады. Кыргыз милициясы 98 жыл аралыгында басып өткөн жолу, күжүрмөн даярдыктары менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук бузуулардын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоого чоң салым кошуп келе жаткандыгын белгиледи. Мамасалы Акматов иш-чаранын жүрүшүндө бир катар тармактын алдыңкы кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Ардак грамоталарын тапшырды.

Майрамдык салтанат облустук Барпы театрында улантылып, куттуктоо жана концерттик программалар менен коштолду.