02

Ноябрь

2022

Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы

2-ноябрь — Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чаралар Чүй облусуна караштуу баардык райондордо белгиленди. Алардын катарында Ысык-Ата райондук маданият бөлүмү тарабынан уюшулган иш-чара дагы мыкты деңгээлде өттү. Ага райондун акими Алмазбек Осмонов, орун басары Нурбек Сагынбаев, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Клара Нарынбаева жана маданият кызматкерлери катышышты.
Көп жылдан бери эмгектенип, мыкты көрсөткүчкө жетишкен кызматкерлерге райондук администрациянын, райондук маданият бөлүмүнүн Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары тапшырылды.