03

Ноябрь

2022

Электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иликтөө жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Өлкөдө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун пайдаланууну жайылтуу боюнча сунуштарды иликтөө жана иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.  

Жумушчу топко бир айлык мөөнөттө электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана электр транспортун колдонууну жайылтуу боюнча пикирлерди иликтеп, сунуштарды жана тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуусу тапшырылды.

Жумушчу топтун курамына бир катар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын кызматкерлери кирди.

Жумушчу топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов дайындалды.