04
Ноябрь
“КАТАР CHARITY” фондунун демөөрчүлүгү менен Чүйдө бир нече объект ачылды
Чүй облусунун аймактарында Катар кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулган бир нече социалдык объекттер ачылды. Аталган объекттердин ачылыш аземдерине Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Катар өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти катышышты.
Чүй облусунун райондорунда “Катар Charity” кайрымдуулук фонду тарабынан төмөнкү соцобъекттер ачылды:
- Сокулук районунун Саз айыл аймагында Мамбеталы Жаныбаев атындагы орто мектептин Конуш айылындагы Акитай Исаков атындагы 150 орундуу филиалы, долбоордун жалпы суммасы 19 млн сомду түздү. Мектептин ачылыш аземине КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Байсалов дагы катышты;
- Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын Чоң-Жар айылындагы Нурлан Рахманов атындагы орто мектептин 100 орундуу кошумча корпусу, долбоордун суммасы 7млн 580миң сомду түздү;
- Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын Шалта айылындагы аянты 75 м2 түзгөн фельдшердик-акушердик пункттун имараты, долбоордун жалпы суммасы 2 млн 90миң сом;
- Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагына караштуу Өтөгөн айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун имараты, долбоордун суммасы 1млн 996миң сомду түздү;
- Кемин районунун Көк-Ойрок айыл аймагына караштуу Кайыңды айылында мечит жана Тегирменти айылында куран окуучу жайдын ачылышы, аталган жайлардын курулушуна Катар фондунан жалпы 8 млн 800миң сом сарпталды.
Ошондой эле, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев элчи мырза менен биргеликте Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагында курулуп жаткан, жалпы суммасы 24 млн 888миң сомду түзгөн 250 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышышты.
Мындан тышкары, “КАТАР CHARITY” кайрымдуулук фонду тарабынан айрым жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүлдү.