04

Ноябрь

2022

Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелер бекитилди

Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелер бекитилди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Ушул Эрежелер экономикалык концентрация процессинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо механизмин төмөнкү учурларда аныктайт:

1) чарбалык субъекттерди (алардын бирикмелерин) бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурууда;

2) акциялардын (уставдык капиталда катышуу үлүштөрү) беш пайыздан ашыгы мамлекетке таандык чарбалык субъекттерди түзүүдө;

3) “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же жактардын тобу болуп саналган чарбалык субъекттерди түзүүдө;

4) мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды түзүүдө, жоюуда жана бириктирүү, кошуу жолу менен кайра уюштурууда;

5) үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбалык субъекттин ошол эле товардык рынокто иштеген башка чарбалык субъекттин акцияларын (уставдык капиталда үлүштөрүн) сатып алуусунда, ошондой эле   үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин акцияларынын контролдук пакетин (уставдык капиталда үлүштөрүн) кандай болбосун юридикалык жактын же жарандын сатып алуусунда.

Банк кызматтарынын рыногунда экономикалык концентрация процессин контролдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ушул Эрежелер “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылуучу чарбалык субъекттер жоюлганда колдонулбайт.