04

Ноябрь

2022

Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарга жашап турууга уруксат берүү системасын жөнөкөйлөштүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын экономикасына салым кошкон чет өлкөлүк жарандарга жашап турууга уруксат берүү системасын жөнөкөйлөштүрүү чечими жактырылды.

Чечим чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Бул чечим аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасына 10 млн сомдон ашык салым кошкон чет өлкөлүк жарандар үчүн убактылуу жашоого уруксаты боюнча материалдарды кароо мөөнөтү кыскартылат.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын экономикасына 10 млн сомдон ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жаранга (Кыргыз Республикасы менен чектеш өлкөлөрдүн жарандарынан тышкары) жашоого уруксат өтүнмө берилгенге чейин 6 айдан кем эмес мөөнөткө милдеттүү түрдө жашоо талабысыз уруксат берилет. 

Белгилей кетсек, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, убактылуу жашоого уруксат Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө келген Кыргыз Республикасында мыйзамдуу жашоо булагына ээ чет өлкөлүк жаранга, же жарандыгы жок адамга берилиши мүмкүн:

- ишке уруксаты менен бирге эмгек келишими боюнча иштөөгө;

- окуу жайдын өтүнүч каты боюнча окуу жайда окууга;

- инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген өтүнүч каттын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн.