05

Ноябрь

2022

Сузак районунда "Бахрейн-2" айылынын курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылында экинчи Бахрейн айылынын курулушуна капсула салынды. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун башчысы Саид Баюми жана долбоордун демөөрчүлөрү, жергиликтүү бийлик, айыл тургундары катышты.

Аталган социалдык комплекстте 13 турак үй курулуп, 26 аз камсыз болгон, жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө тапшырылат. Мындан сырткары мечит, ФАП, тигүү цехи жана мектеп курулмакчы. 

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү облус калкынын жашоо шартын жакшыртуу максатында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын   белгиледи. Демилгени колдоого алган өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, социалдык айыл да жергиликтүү муктаж жарандардын түйшүгүн жеңилдетээрин кошумчалады. 

"Бахрейн-2" айылын курууга демөөрчүлөр тарабынан 35 млн сомдон ашуун каражат жумшалмакчы. Аны жергиликтүү бийлик колдоого алып, жер аянтын ажыратып берген. Ал эми бүгүн Жалал-Абад шаарында биринчи долбоор ишке ашырылып, "Бахрейн" социалдык айылы пайдаланууга берилди.