05
Ноябрь
2022
Биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоонун жыйынтыгы
Чүй облусунда бардыгы болуп 105 айыл аймак, 6 райондук жана 1 облустук маанидеги шаар бар. Бүгүн 5-ноябрда болуп өткөн Биринчи Элдик курултайга делегаттарды шайлоонун жыйынтыгы менен ар бир айыл аймактан экиден, райондук маанидеги шаарлардан бирден жана облустук маанидеги Токмок шаарынан эки делегат шайланып, жалпы Чүй облусу боюнча 218 делегатты түздү.