09
Ноябрь
Жалал-Абаддагы жаш спортчулар ийгилик жаратты
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев жаш спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктады.
Алар ушул жылдын 1-4-ноябрь күндөрү Татарстандын Казань шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде Белбоолуу күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында беттешип, 2 күмүш, 4 коло байгеге ээ болушкан. Жеңүүчүлөр облустагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинде тарбияланып келишет.
Эркинбек Маматаев иш-чаранын жүрүшүндө Түркия мамлекетинин Анталия шаарында өткөн Кол күрөш боюнча 43-дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн да куттуктады. Аталган мелдеште 55 кг салмактар арасында күч сынашкан Байтур Абжалбеков эки алтын медалга ээ болгон. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелген 85 кг салмактагы спортчулар арасынан Чолпонбай Жаркулов күмүш медалды багынткан.
Облус башчысынын орун басары жаш спортчуларга, машыктыруучу жана алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Жыл жыйынтыгы менен облустагы ийгилик жараткан спортчулар ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан сыйланаарын кошумчалады.