10

Ноябрь

2022

2022–2027-жылдарга электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди

img
Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын 2022–2027-жылдарга өнүктүрүү программасы бекитилди.  

Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган документ 2022–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. 

Буга катар 2022–2027-жылдарга электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жооптуу аткаруучулардын тиешелүү жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат деп белгиленген.