29
Октябрь
2022
Транспорт жана автомобиль жолдору тармагынын кызматкерлери сыйланды
Бүгүн, 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында, октябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленип келген “Кыргыз Республикасынын транспорт жана автомобиль жолдорунун күнүнө” арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков катышты.
Облус башчысы: “Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкеринин күнү менен куттуктайм! Өлкөбүздүн бийик тоолуу шарттарында жана жетүүгө кыйын региондорунда автомобиль транспорту Кыргызстандагы транспорттун негизги түрү болуп саналат. Автомобилдик транспорттун эффективдүү иши биринчи кезекте автожолдордун абалына байланыштуу. Ошондуктан акыркы жылдары жолдорду куруу жана реконструкциялоо стратегиялык милдет катары кабыл алынып, өлкөнүн экономикалык кайра жаралуусунун ажырагыс бөлүгү болуп калды” деди.
Жыйындын жүрүшүндө транспорт жана автомобиль жолдору тармагында иштеген бир нече кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана облустук жол тейлөө башкармалыгынын “Ардак Грамоталары” менен сыйланды.