01
Ноябрь
2022
Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун жүз жылдык мааракеси белгиленди
Бүгүн, 1-ноябрда, Бакай- Ата районунда Социалисттик Эмгектин Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Корчубек Акназаровдун жүз жылдык мааракеси белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков катышты.
Иш-чаранын алкагында Корчубек Акназаровдун эстелигинин ачылыш аземи болуп өттү. Мааракеге келген конокторго концерттик программа тартууланып Корчубек Акназаровго арналган даректүү тасма көрсөтүлдү.
Кечээ, Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драм театрдында Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун өмүр жолуна арналган эл аралык конференция өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Корчубек Акназаровдун жүз жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү үчүн “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан 700 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.