04
Ноябрь
2022
Рысбек Айдаралиевдин 100 жылдыгына арналган “Өрнөктүү өмүр, ак эмгек” аталышында конференция болуп өттү
4-ноябрда, Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма-театрында мамлекеттик жана коомдук ишмер Рысбек Айдаралиевдин 100 жылдыгына арналган “Өрнөктүү өмүр, ак эмгек” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Илимий-практикалык конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков катышты.
Обус башчысы өз сөзүндө:“ Кыргыз тарыхынын дагы бир көрүнүктүү инсаны, элибиздин жүрөгүндө ысмы “алтын тамгалар” менен жазылып, ысмы түбөлүк өчпөс легендага айланган Рысбек Айдаралиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын белгилөө менен анын жаркын элесине, атуулдук өрнөгүнө таазим этип турабыз. Тарыхты инсандар жасайт, коомду инсандар өзгөртөт дегендей. Рысбек Айдаралиев өлкөбүздүн тарыхындагы белгилүү инсан, өлкөгө, элге кызмат кылуунун асыл үлгүсү, бийик мекенчилдиктин, атуулдуктун жаркын символу. Биз мааракелерди тарыхый инсандарды эскерүү үчүн гана эмес, андан жашоо таалимин, бүгүнкү жашообузду курган, куруп берген аталарыбыздын эмгегине, алардын биздин келечегибиз үчүн сайып койгон өмүрүнө таазим этүү үчүн өткөрөбүз, аларды эскеребиз. Түбөлүккө жүрөгүбүздө сактайбыз” деди.
Конференциянын жүрүшүндө бир катар окумуштуулар Рысбек Айдаралиевдин ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктер тууралуу доклад жасашты. Ошондой эле, Рысбек Айдаралиевге арналган “Эмгек Кызыл туу ордендүү Каракол колхозу” аттуу видео тасма тартууланды. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук ишмер Рысбек Айдаралиевди Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына сунуштоо боюнча резолюция кабы алынды.