11
Ноябрь
2022
Исаев Асеин тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
Исаев Асеин Кусеинович Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ошол эле учурда Ниязалиев Нуран Садырович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.