15
Ноябрь
Сузактагы чакан ГЭСтин курулуш иштери аяктап калды
Сузактык жеке ишкер үч айылды электр энергия менен камсыз кылуу үчүн чакан ГЭС куруп жатат. Райондун Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы чакан ГЭСтин курулуш жумуштары өткөн жылы башталып, азыркы учурда дээрлик 90 пайызга жакыны аяктап калды. Анын кубаттуулугу саатына 2400 кВтка чейин жетет.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ГЭСтеги курулуш жумуштарынын жүрүшү менен таанышты.
Акыркы жылдары Кыргызстанда суу таңкыстыгы пайда болуп, чакан ГЭСтерди куруу муктаждыгы жаралган. Мындан улам облус аймагында чакан ГЭС куруу аракеттери колго алынып, учурда Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда курулуш иштери жүрүүдө.
Жалал-Абад облусунун аймактарында жалпы 23 чакан ГЭС куруу долбоору даярдалган.