05
Ноябрь
2022
Нарын облусунан Элдик курултайга 128 делегат шайланды
Бүгүн, 5-ноябрда Нарын облусунун 63 айыл аймагында жана Нарын шаарында жергиликтүү жамааттардын Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындары өткөрүлдү. Буга чейин жамааттардан делегат болуп көрсөтүлгөн 2271 талапкердин 128и борбордо өтө турган Элдик Курултайга катышууга шайланды.
Мындан сырткары ар бир айыл аймагында 2ден делегат резервге киргизилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгына ылайык, чакырылган Элдик Курултайдын курамы 1074 делегаттан турат.
Анын ичинде:
- административдик-аймактык бирдиктерден - 1036 делегат;
- чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан - 28 делегат;
- конфессиялык коомчулуктардан - 10 делегат катышат.
Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө төмөнкүдөй квота каралган:
- 452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);
- облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);
- Бишкек шаарынан алтымыш жана Ош шаарынан отуз (90) делегат болот.
25-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлө турган биринчи Элдик Курултайга республиканын бардык аймактарынан шайланган 1074 делегат катышып, алар тарабынан жалпы улуттук орчундуу маселелер өлкө башчысына билдирилет.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.