18

Ноябрь

2022

Санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 60-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү чечимин кабыл алды. 

Санариптик казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин санариптик казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана пайдалануу тартибин жөнгө салат. 

Белгилей кетсек, санариптик казыналык милдеттенмелер – бул казыналык системанын атайын программалык платформасында катталган, анын ээсине кредитордук карыздарды, анын ичинде салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрдү тындыруу үчүн пайдаланууга укук берген документсиз мамлекеттик баалуу кагаз. 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги санариптик казыналык милдеттенмелердин эмитенти болуп саналат.