18

Ноябрь

2022

Бек-Абад чек ара бекети оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы Өзбекстан Республикасы менен чектешкен чек ара өткөрмө бекетине барып, оңдоп-түзөө иштери менен жеринен таанышты.

Аталган автожол чек ара бекетиндеги шарттарды жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан акча каражат бөлүнүп, декабрь айына чейин бүткөрүү пландалган. Облус башчысы жумуш ыргагын сапаттуу аткарууну тапшырып, бардык керектөөлөрдү камсыздоо зарылдыгын эскертти. 

Азыркы учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын Республикасынын Жалал-Абад облусунун аймагындагы эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү чек ара бекети иштеп жатат. Алар Ноокен районунун Маданият, Ала-Бука районундагы Баймак өткөрмө бекеттери.