18

Ноябрь

2022

Сокулук районунун 104 тургунуна «кызыл китептери» тапшырылды

Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Чүй облусунун Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунун 104 тургунуна жер тилкелеринин «кызыл китептери» тапшырылды.
Чүй облусу боюнча жер мунапысына байланыштуу 28миңден ашуун арыз келип түшкөн. Ал эми, Ак-Ордо конушунун тургундары облус боюнча алгачкылардан болуп мамлекеттик актыны колго алышты.
Кубанычында чек жок тургундар көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйдүн чечилишине мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн өлкө башчысы Садыр Нургожоевич Жапаровго ыраазычылык билдиришти.