19
Ноябрь
Биринчи гендердик облигациялар сатыгы ишке киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов Кыргыз Республикасында биринчи гендердик облигациялардын сатыгын ишке киргизүү иш-чарасына катышты.
«Бүгүнкү иш-чара биздин сөздөн ишке өткөнүбүздүн көрсөткүчү. Биз аялдар үчүн мыкты шарттарды түзүшүбүз керек. Бул изилдөөлөр менен тастыкталат. Мисалы, Японияда жарандардын узак өмүр сүрүшүнө гендердик экономика чоң таасир этээри далилденген. Биз коомдун баалуулуктарын өзгөртүшүбүз керек. Гендердик экономика келечекте өлкөбүздүн өзгөчөлүгү болот деп ишенем», - деди ал.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Фондулук рынокту жана биржа ишин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон, анын алкагында айыл чарба өндүрүшү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүү түрүндө аялдардын ишкердигин колдоо аркылуу фондулук рыноктун инструменттерин өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат.