21
Ноябрь
2022
Сары-Өзөндүн «ак алтыны»
Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Фрунзе айыл аймагында “Текстиль Транс” текстиль фабрикасы 500 гектар кайрак жерге пахта өстүрүүдө. Аталган ишкана пахтаны өстүрүүдө иштен чыккан 4 скважинаны калыбына келтирип, бир нече чакырымдан суу тартып келип, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонот.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев пахта талаасына барып, “ак алтынды” өстүрүү иштери менен жеринде таанышып келди. Бүгүнкү күндө пахтанын түшүмүн жыйноо иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Ал эми, түшүмдүүлүгү 35ц/га күтүлүүдө.