22

Ноябрь

2022

“Сабаттуу жазуу” иш-чарасы уюштурулду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата республикалык деӊгээлде уюштурулган “Сабаттуу жазуу” иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, коомдогу ордун бекемдөө, кыргыз тилинин коомдун бардык тармактарында колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана кыргыз тилине карата кызыгууну арттыруу болуп саналат.
«Сабаттуу жазуу» иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары жана кызматкерлери катышышты.