21
Ноябрь
2022
Кара-Буура районунда УКМКнын жаңы имараты ишке берилди
Бүгүн, 21-ноябрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары- улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Кара-Буура районунун акими Бектур Сагынбаев жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Жаңыдан курулган имарат заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып кызматкерлер үчүн баардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.
Камчыбек Ташиев, кызматкерлерди жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап УКМКнын кызматкерлери өз милдеттерин так аткаруусу үчүн Кыргызстандын баардык облустарында жана райондорунда тийиштүү шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.