21

Ноябрь

2022

Талас облусунда "жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу" долбоору ишке ашырылат

21-ноябрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районуна караштуу Кара-Буура айыл өкмөтүнөн жыйындар залында муниципалитеттер Союзу жана Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, ХЕЛВЕТАС эл аралык уюму жана өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору менен биргеликте Талас облусунун Бакай-Ата, Кара -Буура жана Манас райондорунун муниципалитеттери үчүн долбоор менен тааныштыруу семинары болуп өттү.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун акимдери, айыл өкмөт башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун жетекчиси Асель Мамбетова долбоордун максаттары жана милдеттери тууралуу баяндама жасады.
Долбоордун негизги максаты – айылдарды көрктөндүрүү, элди ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматын турукташтыруу, турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу, коомдук жайларды жарыктандыруу, ар түрдүү ийримдерди ачуу менен жаштарга, балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү, китепкананын иштөөсүн камсыз кылуу, жана башка жергиликтүү жашоочуларга көрсөтүлүп жаткан түрдүү кызматтарды туруктуу, сапаттуу жана жеткиликтүү көрсөтүү боюнча башкаруу системасын түзүү. Жалпылап айтканда Долбоор айыл аймактардагы кызматтардын элге жеткиликтүүлүгүн, сапаттуулугун жана туруктуулугун жакшыртууга багытталган.
Долбоордун эксперттери Нурбек Имакеев, Кенешбек Эргешов долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн “Кызматтарды жакшыртуу аракеттер планын” иштеп чыгуу шарттарын, муниципалитеттер аралык кызматташуу шарттарын, чакан гранттарды алуу үчүн сынакка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн айтып берди.
Сынактын жыйынтыгы менен Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорунун тандалып алынган пилоттук айыл өкмөттөрүнө өз аймагындагы кызматтарды жакшыртуу боюнча иштелип чыккан долбоорлорун ишке ашыруу үчүн чакан гранттар берилет.
Эске салсак, аталган Долбоор Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу союзунун көмөктөшүүсү менен 2021-2022-жылдары Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 54 пилоттук айыл өкмөттөрүндө ийгиликтүү ишке ашырылган.