24
Ноябрь
«Бир айыл - бир продукт» долбоорунун ишке ашыруу боюнча Бренд комитеттин отуруму өттү
Ош облусунда “Бир айыл - бир продукт» долбоорун ишке ашыруу максатында түзүлгөн Бренд Комитеттин отуруму өткөрүлдү. Иш-чарада Ош облусунун аймагынан 7 ишкер тарабынан өндүрүлгөн 9 продукция Бренд Комитеттин кароосуна сунушталды. Отурумдун жүрүшүндө Бренд Комитети тарабынан аталган продукциялар бааланып, жетиштүү көрсөткүчкө ээ болгон продукциялар боюнча өндүрүүчүлөргө сертификаттар ыйгарылды.
«Бир айыл - бир продукт» долбоору 2007-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлиги жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен ишке ашырылып келе жатат.
Долбоордун эн негизги иш аракети жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу менен, БАБП ыкмасы аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтууга, рентабелдүү БАБП продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, алардын сапатын жогорулатууга жана туруктуу бизнести түзүүгө багытталган. Ошондой эле, бул долбоор региондордогу жергиликтүү калктын турмушун жакшыртууга, ошондой эле айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылууга жана өзүбүздө өндүрүлгөн продукциянын экспортун көбөйтүүгө багытталган.