24
Ноябрь
Акылбек Жапаров: Биз тоо-кен тармагында чоң реформаларды баштадык
«Биз тоо-кен тармагында чоң реформаларды баштадык», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчет, 2022-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында.
Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, 2020-жылы мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагынан – 18 млрд 204 млн сом, 2021-жылы – 22 млрд 942 млн сом, ал эми 2022-жылдын 10 айында 39,6 млрд сомдон ашык киреше түшкөн.
«Кумтөр толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Эгерде 2010-жылдан 2021-жылга чейинки 11 жыл ичинде Кыргызстанга төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 5,3 млрд сомду (90,8 млн АКШ долларын) түзсө, 2022-жылдын 10 айында Кумтөр кенинен 26,5 млрд сом салыктык, салыктык эмес, ошондой эле келишимдерде каралган төлөмдөр түшкөн. 2021-жылы өлкөдө 10 тонна алтын калган болсо, 2022-жылы 17,2 тонна алтын калат деп күтүлүүдө», - деди Акылбек Жапаров.
Министрлер Кабинетинин башчысы билдиргендей, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап калуу үчүн жыйым ставкасын жогорулатуунун натыйжасында 2021-жылы – 244 млн сом, ал эми 2022-жылдын октябрь айында – 529,17 млн сом, же 2 эсеге көп төлөнүп, 100 лицензия кайтарылган. Өткөн жылдын октябрь айында таза сууну пайдалангандыгы үчүн кен казуучу ишканаларга акчалай төлөмдөр киргизилип, 365 млн сом киреше алынган.