28

Ноябрь

2022

Кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш өттү

Ошто 24-27 ноябрь күндөрү Кикбоксинг боюнча КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган 2-эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке  Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын курама командаларынан 300дөн ашуун спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгы менен алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларга белектер жана атайын курлар тапшырылды .

Белгилей кетсек, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кубогуна арналган Кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеш былтыркы жылы да өткөрүлгөн.