30

Ноябрь

2022

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 30-ноябрь күнү КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы Жогорку окуу жай ректорлорун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларын кабыл алды. Жыйында билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мектептерге видео байкоо камераларын орнотуу, билим берүү тармагын санариштертирүү иштерин аягына чыгаруу, сапаттуу интернет менен камсыз кылуу, бүтүрүүчүлөрдү сынактарда даярдоо жана мектеп-интернатынын бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго орноштурууда жеңилдиктер тууралуу талкууланды.

Ош облусунун башчысы ата-энеси жок мектеп интернатынын бүтүрүүчүлөрүн ЖОЖдорго, колледждерге жана кесиптик лицейлерде билим алуусуна жеңилдетилген негизде кабыл алуу жана аларга шарт түзүү боюнча ЖОЖ ректорлоруна тапшырма берди. Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилерине  билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, мектептерге видео байкоо камераларын орнотуу, билим берүү тармагын санариштертирүү иштерин 2023-жылдын февраль аягына чыгаруу керектигин билдирди.