02

Декабрь

2022

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата иш-чаралар өттү

Бүгүн, 2-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда 3-декабрь – эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күнүнө арналган иш-чаралар өттү. Аталган салтанатка КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, мекеме жетекчилери жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жардан катышты.

Ош облусунун башчысы жарандарга белектерди жана акчалай жардам көрсөтүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн мамлекеттен жеңилдиктер жана жардамдар көрсөтүлүп жатканын билдирип, баалуу белектерди тапшырды.  

Белгилей кетсек, Ош облусунда 16 451 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт. КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен облус аймагында 15-ноябрдан 15-декабарга чейин майыптыгы бар жарандарга ар тараптап колдоо көрсөтүү боюнча бир айлык жарыяланган.