Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, анын ичинде ДМЧ балдарды реабилитациялоо борборуна барды. Төраганы Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев тосуп алышты. Жогорку Кеңештин төрагасы реабилитациялык борбордун жалпы ишмердүүлүгү, шарттары менен таанышып ошондой эле Эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата белектерди тапшырды.
Өз кезегинде облус башчысы Нурил Алымбаев дагы мекемеге чакан белектерин тапшырып, калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын муктаждыктарын камсыздоого облус тарабынан дагы, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан дагы колдон келишинче аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирип, бул багытта иштер улантылаарын, биздин өзгөчө жарандарыбызга ар дайым камкордук көрсөтүлүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.