07

Декабрь

2022

Экологияга зыян келтирип жаткан ишкана текшерилди

Кечээ, 6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов,  бирин орун басары Данияр Жаныкулов, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Шабдан Абыкеев жана тиешелүү кызмат жетекчилери Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы даарат кагазын чыгаруучу ишкананы жеринен көрдү. Аталган мекеме тийтиштүү уруксат кагаздары жок иш алып барып, экология зыянын тийгизип жатат деп жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана турак-жай салууга берилген жерге курулганы, тиешелүү кызматтардан уруксат кагазы жок экени жана экологияга зыян тийгизип жатканы аныкталды . КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен мекеменин ишмердүүлүгү токтотулду. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арызы  менен Куршаб сайында иш алып барып жаткан шагыл чыгаруучу мекеме текшерилип, тиешелүү кызматтарга мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары, Ош облусунун башчысы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Жыйында жер тилкеси, айылдагы көйгөйлүү маселелер талкууланды. Өкүл, тургундарын көйгөйүн угуп, жолугушууда айтылган маселелер чечилет деп билдирди.