08
Декабрь
2022
Кыргыз Республикасына Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко келди
Кыргыз Республикасына Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунан Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Бишкек щаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.