09
Декабрь
2022
Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келди
Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин келди.
«Манас» Эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.