13
Декабрь
Бакыт Төрөбаев ышка каршы күрөшүүгө багытталган натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөнүн ири шаарларында ышка каршы күрөшүүгө багытталган натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу маселеси боюнча атайын жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жетекчилиги шаарларда ыштын пайда болушунун жана кармалышынын негизги себептерин аныктоо, жеткиликтүү экологиялык стратегияны иштеп чыгуу менен түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча план көрсөтүлгөн бетачарды тартуулады.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги көп кабаттуу үйлөрдө нанотехнологияларды ишке киргизүү жана борбордо жашыл аймактарды түзүү боюнча долбоорду ишке киргизип жаткандыгы тууралуу маалымдады.
Мындан тышкары, абанын булганышын азайтуу үчүн бир нече иш-чаралар иштелип чыккан. Алардын арасында жылуулук жоготууларды азайтуу жана борбор калаанын ЖЭБ ишин оптималдаштыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү, Бишкек шаарынын райондорунун биринен 500 көп кабаттуу турак-жай тандалып, аларга наноприсадкалар орнотулат. Технология буга чейин Россия Федерациясынын бир катар шаарларында сыноодон өткөн жана аны колдонуу жылуулуктун чыгымын 40 пайызга чейин кыскартууга жардам берген. Бүгүнкү күндө тажрыйба көрсөткөндөй, борбордун эски турак жай фондунда батирлерге берилүүчү жылуулуктун басымдуу бөлүгү ысырап болууда. Тажрыйба алгылыктуу өтсө, бул технологияны жалпы шаар боюнча жайылтуу пландаштырылууда.
Бишкек шаарында “жашыл зоналар” түзүлүп, анда электр энергиясын колдонгон унаалар гана коомдук транспорт катары пайдаланылат. Пилоттук долбоордун алкагында таксилер үчүн 200 электр машинасын жана 100 электр кичи автобустарын алып келүү пландалууда.
Ошондой эле “жашыл” каттамдарды киргизүү пландалууда. Бул долбоорлорду ишке ашыруу 2023-жылдын биринчи кварталында башталаары күтүлүүдө, ага 20 млн АКШ долларына жакын каражат керектелет.
Бакыт Төрөбаев соңку жылдары өлкөдө абага зыяндуу заттардын чыгышы кыйла көбөйүп, бул жарандардын ден соолугу үчүн өтө кооптуу экенин белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары абанын булганышынын негизги себептери болуп биринчи кезекте жеке сектордогу үйлөрдү сапатсыз көмүр менен жылытуудан, автоунаалардан чыккан газдардан, алардын көбү октан саны аз бензинди колдонгондуктан зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы саналат деген жүйөөлөргө макул болду.
Талкуунун катышуучулары өлкөдө газ мотордук отун рыногун өнүктүрүү, отканаларды жаратылыш газына өткөрүү жана унаа майынын сапатына экологиялык талаптарды жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.
Бишкек шаарындагы экологиянын абалын жакшыртуу үчүн мамлекеттин жана муниципалитеттин балансында турган транспортту жаратылыш газына өткөрүү сунушталды. Мындай чара бюджеттик каражаттарды үнөмдөйт жана атмосферага бөлүп чыгаруулардын эки эседен ашык азайышына алып келет.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга көрсөтүлгөн багыттар боюнча кадамдык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу, анын ичинде отканаларды жаратылыш газына которууну активдештирүү, экологиянын жана абанын жаңы сапаттык көрсөткүчтөрүн бекитүү тапшырмасы берилди, алар боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат.
Белгилей кетсек, жыйынга тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун, Бишкек шаарынын мэриясынын, отун-энергетика комплексинин, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү катышты.