16

Декабрь

2022

Кытай Эл Республикасында, Түркия Республикасында жана Өзбекстан Республикасында соода өкүлчүлүктөрү уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрү Кытай Эл Республикасында, Түркия Республикасында жана Өзбекстан Республикасында уюштурулду. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын тышкы рыноктордо экономикалык жана соода кызыкчылыктарын алга жылдырууну күчөтүү максатында кабыл алынган. 

Белгилей кетүүчү жагдай, ата мекендик өндүрүүчүлөр, айрыкча чакан жана орто бизнес, өз продукцияларын тышкы рынокторго экспорттоодо көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат, анткени башка өлкөлөрдөгү импорт жол-жоболору жана тышкы рыноктун талаптары жөнүндө маалымат жетишсиз. Соода өнөктөштөрүн табууда, өз  продукцияларын  жарнамалоодо көйгөйлөр бар. Ишкерлер көбүнчө өз продукцияларын сатуу рыногун аныктоо боюнча  маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.

Белгиленген көйгөйлөрдү чечүү жана ата мекендик продукцияларды экспорттоого көмөк көрсөтүү максатында соода өкүлчүлүктөрүн түзүү чечими кабыл алынды. Башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, соода өкүлдөрүнүн институту – бул экспортерлорго колдоо көрсөтүүнүн кыйла натыйжалуу механизми.