19

Декабрь

2022

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Пан энергетика тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Панды кабыл алды.

Тараптар энергетика тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо жана технологиялык жактан жаңылоо үчүн “Muroo Systems Co” компаниясы менен инвестициялык технологиялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, капиталды, алдыңкы тажрыйбаларды жана заманбап технологиялык чечимдерди тартууга республика кызыкдар экенин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасында энергетика тармагын өнүктүрүү улуттук артыкчылык катары аныкталганын, жергиликтүү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реалдуу практикалык кадамдар жасалып жатканын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров бүгүнкү, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Muroo Systems Co” компаниясынын ортосундагы кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандум мындан аркы практикалык кызматташуу үчүн маанилүү документ экенин билдирди.

Ал эми “Muroo Systems Co” компаниясынын президенти Жонсинг Пан гидроэлектростанцияларды куруу боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин белгиледи.

“ГЭС куруу долбоору ийгиликтүү ишке ашса, биздин көптөгөн компаниялар Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын байкашат, бул Япониядан келген инвестициянын көбөйүшүнө салым кошот“, - деди ал.