22

Декабрь

2022

Суусамыр айылында “Суусамыр Нуру” бала бакчасы ачылды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу алыскы Суусамыр айыл аймагына иш сапары менен барды.
Жумушчу сапарынын алкагында облус жетекчиси Суусамыр айылындагы “Суусамыр Нуру” бала бакчасынын ачылыш аземине катышты.
Курулуш АРИС тарабынан каржыланып, долбоордун суммасы 36 млн сомду түздү. Жалпы аянты 6161м2 аянтты ээлеп, 100 орундан туруп, заманбап жабдылган бала бакчада суусамырлык кичинекей бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.