17
Ноябрь
2022
Нарын облусунда 9 айдын жыйынтыгы чыгарылып, алдыга милдеттер белгиленди
17-ноябрда Нарын облустук коллегиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлуп, анда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2022-жылдын 9 айындагы жыйынтыктарына баа берилди.
Күн тартибинде: Нарын облусунун 9 ай ичинде аткарылган иштеринин абалы; КР Президентинин 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгынын жана облустун маданият тармагында аткарылып жаткан иштеринин абалы жөнүндө маселелер каралды.
Жыйында алгач облус жетекчисинин орун басарлары А.Сапаров жана Э.Садыкова тарабынан облустун социалдык-экономикалык тармагында аткарылган иштер жана кемчиликтер тууралуу баяндама жасалды.
Облустагы негизги көрсөткүчтөргө токтолсок, 9 ай ичинде 2597, 8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөң жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 795,7 миллион сомго көбөйгөн. Анын ичинде тоо-кен казуу өнөр жайынын үлүшү 46,5%ды же 1209,1 млн. сомду; кайра иштетүүнүкү 20,2%ды же 526,3 млн. сомду; электр энергиясын өндүрүү менен бөлүштүрүүнүкү 31,8%ды же 828,0 млн. сомду; суу менен камсыз кылуу, калдыктарды тазалоо, кайра иштетүү өнөр жайыныкы 1,3%ды же 34,3 млн. сомду түзгөн.
Айыл чарба продукцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн дүң өндүрүү 18023,4 миллион сомду түзүп, эт, сүт, жүн өндүрүү 100 пайыздан кем эмес аткарылган.
Өткөн жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү мал 12523 башка, кой-эчкилер 12761 башка, жылкылар 6203 башка жана үй канаттуулары 3825 башка көбөйгөн. Мамлекеттик статус алган асыл тукум чарбалардын саны 30га жеткен.
Ошол эле учурда 2 миллион 291 миң гектар жайыттардын 1 миллион 680 миң гектары пайдаланылган. Жайыт акыларды өндүрүүнун жылдык планы 24 миллион 818 миң сомду түзсө, 15 миллион 843 миң сому чогултулуп, план 63,8 пайызга аткарылган.
Ирригация тармагына өткөн жылы мамлекеттик бюджеттен 19 миллион сом каралса, быйыл 104 миллион 62 миң сом каралып, 98 миллион 216 миң сомдук жумуштар аткарылган.
Нарын облусу боюнча үлуштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоого 34 долбоор жактырылып, 75,9 миллион сом каржыланган.
Жол тармагында 20 километр жолду асфальттоо жана 4 километр жолго шагыл төшөө иштери 134, 560 миң сомго жүргүзулгөн.
Курулуш тармагында республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесине 85 долбоор сунушталып, 36 обьектини каржылоо планга киргизилип, 34 обьект 220 534 мин сомго каржылганган. Мындан сырткары эл аралык уюмдар, кайрымдуулук фонддор жана демөөрчүлөр тарабынан бир катар социалдык обьектилер курулуп, ишке берилген.
Өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багытында 22 чакан ишкана ачылып, 156 жумуш оруну тузулгөн.
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 729 миллион 406 миң сом план-тапшырма берилсе, 764 миллион 346 миң сом жыйналып, 104, 8 пайызга аткарылып, же мамлекеттик бюджетке 34 миллион 940 миң сом көп чогултулган.
Билим берүү тармагында республикалык предметтик олимпиадага 35 окуучу катышып, 5 окуучу байгелүү орундарга ээ болгон.
9 ай ичинде 9 билим берүү обьектиси ( 3 мектеп, 5 бала бакча, 1 спорт зал) ишке берилип, жыл аягына чейин 4 обьектинин ачылышы кутулүүдө. Ал эми 5 обьектинин курулушу токтоп турат. 14 обьекттин курулушу журуп жатат. Авариялык абалдагы 18 мектеп, 4 балдар бакчасы бар.
Коллегиянын жыйынында негизги тармактардагы жетишкендиктер баса белгиленип, муну менен катар кетирилген кемчиликтер ортого салынды.
Облустагы негизги тармактар боюнча иш алып барып жаткан мекеме-ишканалардын жетекчилерине өздөрүнүн тармагы боюнча кеңири маалымат берүүгө жана кемчиликтердин себептерин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Айрыкча облустук Суу чарба башкармалыгында, Жол тейлөө ишканасында, Калкты медициналык камсыздандыруу фондунда, "Нарын" электр тармактар ишканасында, Жайыт башкармалыгында, Үрөн чарбасында, Капиталдык курулуш башкармалыгында, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалында жасалган жумуштар жана кемчиликтер боюнча мекеме жетекчилери облус жетекчисинин суроолоруна жооп беришти.
Коллегиянын токтому менен айрым кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарларына; Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондук салык башкармалыктарынын жетекчилерине; Кочкор, Жумгал, Нарын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына; Нарын облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын, “Нарын” электр тармактар ишканасынын, “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун Нарын облустук филиалынын, КР Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмүнүн, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын, КР Айыл чарба министрлигине караштууу жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Нарын аймактык башкармалыгынын башчыларына кызматтык тартиптик чара көрүү сунушталды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов акимдерге жана мекеме жетекчилерине ишти алдыга жылдыруу боюнча бир катар иш милдеттерин белгиледи. Кемчиликтер жоюлбаса жылдын жыйынтыгы менен катуу тартиптик чаралар көрүлөөрүн эскертти.
Жыйындын соңунда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов облусту өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жана жакын арада ишке аша турган структуралык реформа боюнча атайын даярдалган слайд менен кеңири маалымат берип, жаңы кадамдарды биргелешип ишке ашырууга чакырды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.