17

Ноябрь

2022

"Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан социалдык, инфратүзумдүк 12 долбоор каржыланды

 17-ноябрда коллегиянын жыйынында Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан быйылкы жылы каржыланган социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлордун күбөлүктөрү облус жетекчиси Алтынбек Эргешов тарабынан салтанаттуу тапшырылды. 

Белгилей кетсек, быйыл “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондуна жалпы 39 социалдык жана инфратүзүмдүк долбоор сунушталып, Байкоочу кеңеш тарабынан 47 миллион 398 миң сомдук 12 долбоор колдоо тапкан. 

Алар: Ат-Башы айылындагы А.Керимбаев атындагы орто мектептин эшик-терезелерин алмаштыруу (1 миллион 215 миң), Ат-Башы айылындагы К.Акматаалы атындагы орто мектебинин спорт залынын жылуулук берүү системасын алмаштыруу жана ашканага керектүү жабдууларды алуу (3 миллион 188 миң), Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл аймагына караштуу “Ак-Кыя” каналынын 3,2 чакырымын тазалоо жана монолит менен канал куюу (5 миллион 447 миң), Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы М.Байдөөлөтов атындагы орто мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо (847 миң 528), Жумгал районунун Кабак айыл аймагына караштуу Кең-Суу айылына электр зым чубалгыларын, электр мамычаларын орнотуу (6 миллион), Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүн капиталдык оңдоп-түздөө (3 миллион 976 миң), Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүн капиталдык оңдоп-түздөө (3 миллион 564 миң), “Таза Нарын” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу (5 миллион 685 миң), Нарын шаарындагы №2 В.Чкалов атындагы орто мектеп гимназиясынын мультимедиялык кабинетин жабдуу (1 миллион 160 миң), Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектебинин жылуулук системасын алмаштыруу (974 миң 298), Нарын облустук медиаборборунун кошумча имаратынын курулушун бүткөрүү (2 миллион 140 миң), КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына караштуу “Саясий агартуу” имаратын капиталдык оңдоп-түздөө (6 миллион 54 миң) долбоорлору.  

Мындан сырткары Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы ичүүчү таза суу системасын куруу (7 миллион 143 миң) жана Кочкор районунун Көк-Жар айылындагы бала бакчаны ички-тышкы жасалгалоо (10 миллион 385 миң) долбоорлору резервде турат. 

Жакында экономикалык багыттагы долбоорлор финансы-кредиттик уюмдар аркылуу каржыланат. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.