01
Декабрь
2022
Теңир Тоодо "Манас" баяны айтылып, улуттук улуу мурасыбыз даңазаланды
1-декабрда Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында “Манас” баяны айтылып, улуттук улуу мурасыбыз дагы бир жолу даңазаланды.
“Манас” эпосунун күнүн утурлай, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө”, «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жана “Манас” үчилтигин жана Ч.Т. Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө шарттарын түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыктарын жүзөгө ашыруу, ошондой эле "Манас" эпосу жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулган республикалык ll фестивалга тениртоолуктар жигердүү катышты.
Маданий иш чара “Манас” баяны менен башталып, төкмөлөрдүн айтышы, Кыргыз улуттук “Манас” театрында эмгектенген өнөр адамдарынын дастандарды жана фольклордук чыгармаларды чебер аткаруусу менен коштолду.
Иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова кыргыз элине гана таандык манасчылык өнөрдүн улуу касиетине таазим кылып, манасчыларга жана "Манас" эпосун жаш муундарга жеткирүүдө салым кошкон кызматкерлерге, мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
Манасчы Рысбай Исаковго Нарын облусунун "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылып, бир катар манасчыларга ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары ыйгарылды.
Маданий иш чарада манасчыларга жана "Манас" эпосун жайылтууга салым кошкондорго Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын шаардык Кеңешинин, "Көйкашка" коомдук уюмунун сыйлыктары да салтанаттуу тапшырылды.
Эң негизгиси өнөр секисинде "Манас" баяны айтылып, көрүүчүлөрдүн негизги бөлүгүн түзгөн жаш жеткинчектерге руханий азык тартууланды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.