07
Декабрь
2022
Нарында "Турдакун Усубалиев" жана "Нарын даңкы" сыйлыктары уюштурулууда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон инсандардын эмгегин жогору баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сыйлыктары уюштурулуп жатат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эмгектенүү менен Нарын облусунун өнүгүшүнө өзгөчө эмгегин сиңирген инсандарга “Турдакун Усубалиев” атындагы Ардак төш белгиси жана облустун ар тармагында үзүрлүү эмгектенип, татыктуу салымын кошкон инсандарга “Нарын даңкы” төш белгиси ыйгарылмакчы.
Бул боюнча 17 адамдан турган комиссия түзүлүп, сыйлыктардын Жобосу, эскиздери даярдалууда.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.