07

Декабрь

2022

Нарында сүт кластерин уюштуруу үчүн биргелешкен долбоорлор башталды

7-декабрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Ага Хан өнүктүрүү уюмунун MSDSP KG (Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо) программасы тарабынан Нарын облусунун Нарын жана Ат-Башы райондорунда ишке аша баштаган “Климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашкан мал чарбаны өнүктүрүү” долбоорунун бетачары болду. 

Иш чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов,  КР Айыл чарба министрлигине караштуу Агробизнесте атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Төрөкул Беков, ошондой эле Ат-Башы, Нарын райондорунун айыл өкмөт башчылары, фермерлери, мал чарбачылыгы менен иш алып барган адистери катышты.

Жыйында долбоордун эксперти Жолдош Татыбаев тарабынан долбоордун максаты, багыттары, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө тийгизе турган таасири боюнча кеңири маалымат берилди.

Анын айтымында, эки районго жалпы 220 миң доллар өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп, эки жылда ишке ашырылат. Анын алкагында жасалма уруктандыруу жолу менен сүт багытындагы асыл тукум уйларды өстүрүү, сапаттуу тоют өндурүүнүн жаңы ыкмаларын жайылтуу, жайыттарды натыйжалуу пайдалануунун ыкмаларын киргизүү, санитардык нормаларга ылайык келген мал сарайларды куруу жана мал чарба өндүрүшүнүн климаттын өзгөрүшунө тийгизген таасирин азайтуу боюнча материалдык жардам берилет. Ар бир районго экиден бардык талаптарга ылайык келген мал сарайларды курууга колдоо көрсөтүлөт. Бул үчүн дыйкан-фермерлер каражаттын 30 пайызын өздүк салым катары кошот. Калган 70 пайызы долбоор тарабынан каржыланат. 

Жыйында облус жетекчиси Алтынбек Эргешов долбоордун каражатынын окутууга жана эксперттерге жумшала турган бөлүгүн минималдуу азайтып, 80 пайызын элге пайдасы тийгидей жана  көрүнүктүү жумуштарга жумшалса деген сунушун билдирди.  

Белгилей кетсек, буга чейин облустун аймагында Дүйнөлүк банк тарабынан Айыл чарбасын жакшыртуу багытында “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” долбоору дагы ишке ашып жаткан. Эки долбоордун багыты бир болгондуктан сүт кластерин уюштурууда биргелешип иш алып баруу жагы сүйлөшүлдү. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.