08

Декабрь

2022

"Келечекке таза кадам" аталышында форум өткөрүлдү

8-декабрда М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан  "Келечекке таза кадам" аталышында форум өткөрүлдү. 
Форумда жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, укук бузуу фактыларын алдын алуу аракеттерин күчөтүү маселеси каралды.  

Иш чарада Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Балдар иштери боюнча инспектору Кутман Нурмамбетов тарабынан жыл ичинде өспүрүмдөр арасында жасалган кылмыштуулук фактылары жана кылмыштуулуктун алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттер тууралуу баяндама жасалып, видео тасма көрсөтүлдү.

Маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын 10 айында балдар тарабынан жасалган 25 кылмыш иши катталса, басымдуу көпчүлүгү, же 19 учуру уурдоо фактысы, калгандары тоноо, опузалоо учурлары  болгон. Бул иштерге 35 өспүрүм  катышса, алардын 28и мектеп окуучулары. Анын ичинен үчөө кыздар болгон. 

Ал эми алдын алуу иштери боюнча 171 бала ички иштер органдарынын каттоосуна алынып, иш жүргүзүлгөн. Өздөрүнүн жүрүш-турушу менен балдарга терс таасирин тийгизген 7 ата-эне, коомго каршы багыттагы 6 өспүрүмдөр тобу Балдар иштери боюнча инспекциянын каттоосунда турат.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмазбек Жумабеков балдар катышкан кылмыштуулук өткөн жылга салыштырмалуу 27 учурга аз катталганын, бирок ошого карабай алдын алуу иштери жүргүзүлүшү керектигин, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин көзөмөлүн, жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Форумдун ишине катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов балдар биздин келечегибиз болгондуктан мындай иш чараларды өткөрүү келечекке кам көрүү экенин айтып, биргелешип иш алып баруу керектигин билдирди.  Ошондой эле форумга катышкан жаш өспүрүмдөргө аталык акыл насаатын айтып, "кийин кыйналбай жашайлы десеңер азыр кыйналып окугула, силерге окуудан башка талап жок", "адамды алдабоо, досту сатпоо, ата-энени, мугалимди сыйлоо керек" деди. Балдарды терең билим алууга, тилдерди үйрөнүүгө, китеп окууга, ак ниет менен эмгектенүүгө, бийик максаттарды коюп, ага жетүү үчүн тынбай аракеттенүүгө чакырды.

Иш чарада КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Садыкова, коомдук ишмер Мамбетасан Ибраев жана башкалар жаш муунду кылмыштуулуктан алыс болууга үндөгөн жакшы тилектерин билдиришти.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.