16
Декабрь
2022
Нарын хоккей лигасынын кубогуна арналган чемпионат старт алды
16-декабрда Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы жабык муз аянтында Нарын хоккей лигасынын кубогуна арналган чемпионат старт алды.
Кышкы спортук мелдешке Бишкек шаарынан, Ысык-Көл облусунан жана Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы райондорунан, Нарын шаарынан 7 команда катышууда.
Иш чаранын ачылышына КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Нарын хоккей лигасынын президенти Бакыт Жумагулов жана Нарын шаарынын коомчулугу, хоккей күйөрмандары катышты.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов иш чарада спорт - ден соолук булагы экенин, ден соолук болсо баары болоорун белгилеп, Президентибиз Садыр Жапаровдун «Жарандардын руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына үндөшкөн мындай иш чаралар сергек жашоо образын калыптандыруу менен бирге региондор ортосундагы, жамааттар арасындагы ынтымакты бекемдей турганын айтты. Нарында хоккейди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын, ошондой эле НХЛ (Нарын хоккей лигасы) Нарындын бренддеринин бири экенин баса белгиледи. Хоккейди өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан Нарын хоккей лигасынын президенти Бакыт Жумагуловго ыраазычылык билдирип, командаларга ийгилик каалады.
“Чемпионат жазгы чейин улантылып, ай сайын 2ден жолу өткөрүлөт. Нарын хоккей лигасы жаш хоккейчилерди даярдап чыгарууга өзгөчө көңүл буруп, Россиядан тренер алып келгенбиз. Өткөн жылы АКШда өткөн мелдеште биздин жаш хоккейчилер бешинчи орунга ээ болсо, быйыл биринчи орунду багындырып, жолдо келе жатышат. Буюрса келечектен үмүт чоң”,-деди Нарын хоккей лигасынын президенти Б.Жумагулов.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.